2026-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жана минималдык пенсиянын өлчөмүн 8800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясы билдирди.

Индексациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-августундагы Жарлыгын жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында жүргүзүлөт. Аны жүргүзүүгө мурунку календардык жылдагы орточо эмгек акынын өсүшү жана керектөө бааларынын индекси негиз болот.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын жыйынтыгы менен керектөө бааларынын индекси 108,2%ды, ал эми орточо эмгек акынын өсүшү 117,6%ды түздү. Эсептелген индексация коэффициенти 1,13 түзөт.

Ошону менен бирге, Социалдык фонддун бюджетинин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу жана пенсионерлерди кошумча колдоо максатында, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн индексация коэффициенти 1,20 өлчөмүндө белгиленет, бирок ал 1000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон ашык эмес болууга тийиш.

Мындан тышкары, пенсия жаңы дайындалганда, анын минималдык өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүн жогорулатуу эсебинен 8800 сомдон төмөн болбошу керек.

Пенсиялык системанын көрсөткүчтөрү

832,4 миң