Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын санариптештирүүнү тездетүү көзөмөлгө алынып, анын алкагында электрондук медициналык карталарды жана убактылуу эмгекке жарамсыздыгын тастыктаган справкаларды киргизүү пландалууда.
31-июлда Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен «Түндүк» компаниясынын Цифрлик саламаттык сактоо жана социалдык коргоо департаментинин директору Чингиз Бексултанов санарип трансформация маселелерин талкуулады.
Ушул кездешүүдө саламаттык сактоо ресурстарын башкаруунун Улуттук маалымат тутуму - НИСУРдун өнүгүшү, жаңы мамлекеттик санариптик кызматтардын киргизилиши жана тармактык маалымат системаларын бириктирүү маселелери каралды.
Министрликтин маалыматы боюнча, НИСУР медициналык уюмдар, кадрлар, штаттык сан жана башка системанын ресурстары жөнүндө маалыматы бириктирип, тармактын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатат, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтат жана өнүктүрүүнү эффективдүү пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, электрондук штаттык расписание негизинде түзүлүп жаткан саламаттык сактоо жаатындагы вакансиялар реестринин өнүгүүсү талкууланып, ал өлкө боюнча адистерге болгон талаптар, квалификациялык шарттар жана жумуш абалдары тууралуу маалыматты реалдуу убакытта алууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле № 095/у формасындагы убактылуу иштебей тургандыгы тууралуу электрондук справка жана № 026/у формасындагы баланын электрондук медициналык картасы долбоорунун жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.










