Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаев менен Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин 30-июлда Москвада жолугушту.

Жолугушууда эки тарап кыргыз-россия кызматташтыгынын маселелерин талкуулашып, жакын арада боло турган жогорку жана жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графигин такташты.

Андан сырткары, алар маданий жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешип мааракелүү даталарды белгилөө маселелеринде пикир алмашышты.

Айрыкча, 2028-жылы белгиленүүчү Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 100 жылдыгына даярдыктарга өзгөчө маани берилди.