Кыргызстанда дээрлик 2,94 миллион адам «Тундук» платформасы аркылуу медициналык кызматтарды онлайн түрүндө алууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Платформа аркылуу жарандар дарыгерлерге жазылып, анализдердин жыйынтыктарын алууга мүмкүндүк алышат. Телемедицина аймактардагы балдарга адистештирилген консультацияларды алууга шарт түзөт.
Санариптештирүү эне саламаттыгын камтоо, эмдөө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдү натыйжалуу, ар тараптуу жана жеткиликтүү кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Бириккен Улуттар Уюму жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр санариптик ажырымды жабуу багытында биргеликте иштеп, адамга багытталган заманбап саламаттык сактоо системасын түзүү боюнча программаларды ишке ашырышууда.

