Кыргызстандын тоо жана тоо этектеринде 21-июлдан 25-июлга чейин күтүлүп жаткан күчтүү жаандардын таасири менен сел жүрүү жана суу каптоолор болушу мүмкүн.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, айрым тоо дарыяларын суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Транспорт жана коммуникация министрлиги жол кыймылынын коопсуздугу үчүн эреже сактоону жана аба ырайын эске алуу менен жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды сак болууга чакырат.



