Чакан ГЭС боюнча берилген маалыматка ылайык, Кыргызстанда суу үстүндөгү күн электр станцияларын колдонууну кеңейтүү пландалууда. Учурда ГЭС-5 мекемесинин аймагында алгачкы пилоттук долбоор иштеп жатат.

Технологиянын артыкчылыктары жана пландар

Бул ыкма энергияны өндүрүүдө жерди ээлбөөгө жана суу сактап калууга шарт түзөт. ГЭС-5тин аймагында учурда 200 күн панелинден турган пилотдук түзүлүш иштеп жатат. Ал эми келечекте мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында жаңы, кубаттуу станция куруу каралган.

200күн панели (пилотдук түзүлүш)
15мегаватт (пландалган кубаттуулук)
2028жыл (ишке киргизүү мөөнөтү)

Жаңы станцияны 2028-жылга чейин ишке киргизүү пландалууда. Ал учурдагы пилоттук долбоорго караганда алда канча кубаттуу болот.