Билим берүүдөгү методикаларды баалоо жана окутуу ыкмалары борборунун (ЦООМО) директору Чынара Батракеева Жогорку Кеңештин «Эл үмүтү — Ата Журт» депутаттык тобунун жыйынында тестирлөөнүн чыгымдары тууралуу маалымат берди.
Төлөмдүн түзүмү жана максаттары
Тесттин бир окуучу үчүн баасы 470 сомду түзөт. Бул сумма төмөнкү багыттарды камтыйт:
- тапшырмаларды иштеп чыгуу, апробациялоо жана экспертизадан өткөрүү;
- тесттик материалдардын купуялуулугун камсыздоо жана басып чыгаруу;
- онлайн каттоо, сайтты тейлөө жана статистикалык анализ;
- администраторлорду тандоо, окутуу жана алардын аймактарга иш сапарлары;
- жылына бир жолу даярдалуучу отчетторду чыгаруу.
Компьютердик формат жана чыгымдар
Депутат Дастан Бекешев тестирлөөнү компьютер аркылуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн сураган. Ал кагазды басып чыгаруу жана жеткирүүгө миллиондогон сомдор кетип жатканын белгилеген. ЦООМО директору бул маселе боюнча иштеп жатканын, бирок бардык аймактарда техникалык мүмкүнчүлүктөр жок экенин айтты.
Райондордо тест өткөрүп жатканда, жөнөкөй эле эле свет өчүп калат.
Баанын туруктуулугу
Инфляцияга карабастан, тесттин баасы 2023-жылдан 2026-жылга чейин өзгөрүүсүз калат.
470 сом тесттин баасы
Бул сумма абитуриент тарабынан төлөнөт










