Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан айылында жана «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында өткөн 1916-жылдагы Үркүн трагедиясынын 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик катчы трагедиялуу окуяларда курман болгон мекендештердин жаркын элесин эскерди. Өз сөзүндө ал Үркүн кыргыз элинин тарыхындагы эң оор трагедиялардын бири жана улуттук тарыхый эс тутумдун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.
Арслан Койчиев курман болгондорду эскерүү өткөндү өч алуу үчүн эмес, тарыхый чындыкты сактоо, ата-бабалардын басып өткөн жолун терең түшүнүү жана келечек муундар алдындагы жоопкерчиликти сезүү үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Ал 1916-жылдагы окуялар элдин эркиндикке, абийирге жана өз алдынча мамлекеттүүлүккө умтулуусун бекемдеп, заманбап көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн тарыхый факторлордун бири болгонун айтты.
Мамлекеттик катчы Кызыл-Дыйкан жана «Ата-Бейит» комплексиндеги иш-чаралардын тарыхый эс тутумду сактоодогу маанилүү ролун белгилеп, Үркүн учурунда курман болгон мекендештердин элеси элдин жүрөгүндө гана эмес, мамлекеттин эсинде жана абийиринде түбөлүккө сакталышы керектигин баса айтты.

















