Мамлекеттик салык кызматы (МСК) Кыргызстанда тикмечилик тармагында иштеген ишкерлер жана электрондук коммерция платформалары, тактап айтканда, маркетплейстер аркылуу товар саткан сатуучулар үчүн бирдиктүү салык ставкасын жыл аягына чейин нөлгө түшүрүүнү көздөп жатат.
Бул тууралуу МСК төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Анын айтымында, бул чара жакында Орусиядагы Wildberries кампаларында болгон окуялардан улам жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынууда.
Салык кызматы бул кадам менен кыргызстандык ишкерлердин экономикалык абалын жеңилдетип, алардын ишмердүүлүгүн калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү максат кылат.











