Кыргызстанда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин саясый багыттары жана өлкөнү өнүктүрүү жолу тууралуу "Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу" аттуу китеп жарык көрдү.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бул китептин бет ачарында катышып, анын маңыздылыгын баса белгиледи. Китеп кыргыз коомчулугунда Өзбекстандын учурдагы өнүгүшү жана жетекчилиги тууралуу түшүнүктү кеңейтүүгө багытталган.





