Кыргызстанда нике каттоо боюнча заявканы мобилдик тиркеме аркылуу тапшыруунун жаңы мүмкүнчүлүгү ишке кирди. "Тундук" тиркемеси аркылуу бул кызматты алууга болот.

Кызмат баштапкы кадам катары «Нике каттоо» кызматы тандаган жаран ПИН номери аркылуу экинчи жакты көрсөтүп, Face ID аркылуу идентификациядан өтөт.

Экинчи тарап билдирүү алып, маалыматты текшерип, макулдугун бергени менен Face ID аркылуу тастыктайт.

Андан соң экөө тең арызды электрондук кол тамга менен кол коюп, тиркеме автоматтык түрдө ЗАГС органдарынын маалымат системасына жөнөтөт.

Арыз каралып бүткөндө жарандар жыйынтыгы тууралуу кабардар болушат. Колдонууга чейин ЗАГСка баруунун кажети жок.

Бул жаңы санарип кызмат мамлекеттик тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.