Кыргызстанда 2021-жылдан 2025-жылга чейинки беш жыл аралыгында жүк ташуунун көлөмү кескин өстү. Статистикалык маалыматтарга ылайык, бул мезгилде жалпы жүк ташуу көлөмү 34,2 миллион тоннадан 60,7 миллион тоннага көбөйдү.

2021-жылы жүк ташуу көлөмү 34,2 миллион тоннаны түзгөн болсо, 2022-жылы ал 44,3 миллион тоннага жетти. Андан кийин да жыл сайын өсүү уланды, 2023-жылы 51 миллион тоннага жетти.

2024-жылы жүк ташуу көлөмү 54,1 миллион тоннага жогорулап, 2025-жылы 60,7 миллион тонна болуп, беш жылдык мөөнөттөгү эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Бул көрсөткүчтөр жүк ташуу өндүрүшүнүн туруктуу өсүп жатканын аныктайт.

Жүк ташуу көлөмү (миллион тонна) 2021–2025

34,22021-жыл
44,32022-жыл
512023-жыл
54,12024-жыл
60,72025-жыл

Ошентип, ушул беш жыл ичинде Кыргызстанда жүк ташуунун көлөмү орточо эсеп менен 26,5 миллион тоннага өскөн. Бул көрсөткүч өлкөнүн экономикалык жана транспорттук тармагында оң тенденция бар экенин тастыктайт.