Евразий экономикалык комиссиясы чыккан жыйынтыкка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүргүнчү ташуулар бир жыл мурункуга салыштырмалуу 0,5 пайызга өскөн.
Айрым мүчө мамлекеттерде өсүү көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду: Арменияда 7,3%, Беларуссияда 7,2%, Казакстанда 5,1%, Кыргызстанда 4,9%.
Ошондой эле жүк ташуулар да өскөн. Кыргызстанда бул көрсөткүч 3,1% жеткен. Арменияда 12,1%, Казакстанда 2%, Беларуссияда 1,5% га жогорулаган.
Бул тилкеде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасында транспорттук иштердин күчөшү байкалып, логистикалык каттамдар активдешүүдө.









