Кыргызстандан мал экспорттоого салынган тыюу 2026-жылдын март айынан бери иштеп келүүдө жана ал 8-сентябрда аяктайт. Министрлер кабинети бул тыюуну кайрадан алты айга узартууну сунуш кылууда.

Өлкө ичинде азык-түлүк коопсуздугу менен эт рыногундагы баалардын туруктуулугуна байланыштуу мониторингдин жыйынтыктары дагы эле терс факторлор бар экенин көрсөтүүдө.

Азыркы сунушталган узартуу ички рынокто эттин жетиштүү көлөмдөгү сунушун камсыз кылууга жана эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө багытталган.

Убактылуу тыюуну кезектеги алты айлык мөөнөткө сактоо өлкө ичинде мал жандыктарды керектүү баш санын кармап турууга, ата мекендик кайра иштетүүчү ишканаларды сырьё менен камсыз кылууга, ички рынокто эт сунушунун жетиштүү деңгээлин колдоого, баалардын негизсиз өсүш тобокелдиктерин азайтууга жана республика калкынын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Министрлер кабинети Токтом долбоору жөнүндө

Эгерде тыюу алынган учурда, ички рыноктогу баалардан жогору баада калган өлкөлөргө мал экспорт көбөйүп, ички рыноктогу калкка эттин жетиштүү камсыздалышы кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн.