Кыргызстандын Экономика министрлиги Россияда жайгашкан Wildberries-Russ бренд компаниясынын кампаларына дрон аркылуу жасалган чабуулдан кийин жергиликтүү ишкерлердин товарларына тийгизилген зыянды иликтөөнү баштады.

Министрликтин маалыматына ылайык, жабыркаган товарлардын арасында Кыргызстандын бир катар швей фабрикаларынын продукциялары бар. Учурда Wildberries компаниясы кампалардагы товарлардын толук тизмесин түзүү менен катар зыяндын көлөмүн эсептеп жатат.

Экономика министрлиги ошол эле кезде ишкерлерден кабар топтоо жана кырдаал боюнча абалды тактоо иштерин жүргүзүүдө. Зыяндын жалпы көлөмү аныкталган соң тараптар кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун талкуулашат.