Кыргызстаннын өкмөтү 2026-жылдан баштап швей өндүрүшүн пайызсыз насыялар менен колдой баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Данияр Амангельдиев билдирди. Колдоо каражаттары президенттик фонддон бөлүнүп, мамлекеттик «Абанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет.