Данияр Тойчубек уулу (12-0) америкалык Legacy Fighting Alliance (LFA) уюмунун алкагында боло турчу LFA 242 турниринде кармашка чыгат. Ал 19-сентябрда АКШнын Миннесота штатындагы Прайор-Лейк шаарында рингге чыгат.

24 жаштагы кыргызстандык мушкердин каршылашы япониялык Шуя Камикубо (16-3) болот. Спортчулар 61 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышат.

Даниярдын буга чейинки беттештери

Ушул жылдын 31-январында Тойчубек уулу Кореяда өткөн Black Combat лигасында да беттешкен. Ал каршылашын экинчи раунддун аягында нокдаунга түшүрүп, калыс беттешти токтотууга аргасыз болгон.

LFA лигасындагы кыргызстандыктар

Белгилей кетсек, буга чейин LFA лигасында Мыктыбек Оролбай уулу жана Уран Сатыбалдиев да ийгиликтүү беттешип, учурда UFC промоушенинде өнөр көрсөтүп келишет.