Кыргызстандын эң бийик тоолуу жана катаал климаттык шарттары бар Ак-Сай жайлоосунда жыл бою 65 малчы (чарба) жашап келет. Бул аймак Ат-Башы районунда жайгашкан жана өлкөнүн "суук уюлу" деп аталат.

Мал чарбасын өнүктүрүү жана малчыларга керектүү колдоо көрсөтүү максатында ветеринарлар менен чабандардын ортосундагы байланышты чыңдоо иштери жүргүзүлдү. Өткөн жылдарга салыштырмалуу жайлоолордо жана бийик тоолордун этектеринде уюлдук байланыштын жеткиликтүүлүгү кыйла жакшырган.

Бул мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдалануу үчүн райондук ветеринардык башкармалык менен чабандардын ортосунда туруктуу түз байланыш уюштурулган. Ошондой эле, жайлоодо жашаган бардык чабандар кирген социалдык тармактарда атайын топтор түзүлгөн. Бул топтор аркылуу чабандар өз суроолорун ыкчам берип, жериндеги маселелер жөнүндө кабарлап, малдын ден соолугунун абалы тууралуу маалыматты тез бөлүшө алышат.

Бул тууралуу Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгы билдирди.

Ак-Сай өрөөнү Кыргызстандын эң суук жерлеринин бири болуп саналат. Бул жерде абанын минималдуу температурасы өрөөн бөлүгүндө –30°C, тоолуу аймагында –45°Cге чейин жетиши мүмкүн (Ак-Сай тоо аралык өрөөнүндө эң жогорку чеги –54°Cге чейин жеткен). Ал эми максималдуу температура өрөөн бөлүгүндө +30°C, тоолуу зонада +20°Cге чейин жетет. Ак-Сай өрөөнүндө өлкөдөгү эң төмөнкү аба температурасы –56,3°C катталган.