Улуттук банктын каржылык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча жетекчиси Кубаныч Мусуралиевдин айтымында, 2023-жылы 1000ден ашык респонденттин катышуусунда изилдөө жүргүзүлгөн.

Изилдөө көрсөткөндөй, Кыргызстан калкынын 32% гана бир айлык керектөөгө жетчү каражат топтогон. Ал эми үчтөн алты айга созулчу каржылык камдыкка ээ болгондор болгону 29%.

Эксперттер белгилешкендей, ушундай резервдин болушу экономикалык кризисттерде жана киреше жоготууларда жеңилдик түзөт. Финансылык камдык тууралуу түшүнүк 1998-жылдагы Азиялык каржылык кризистен кийин жана 2008-жылдагы дүйнөлүк кризистен кийин өзгөчө мааниге ээ болгон.