Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы өткөрүү пункттарын эки эсеге көбөйтүү боюнча макулдашууга жетишти. Азыркы убакта чек арада 15 өткөрүү пункту иштеп келген болсо, эми алардын саны 30го көбөйөт.
Бул чечим эки өлкөнүн жарандары үчүн чек арадан өтүүнү жеңилдетип, кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган. Садыр Жапаров бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен «Рух-Ордо» маданий борборунда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.
Өткөрмө пункттарынын санын көбөйтүү чек арадагы жүктү жеңилдетип, эки тараптуу соода жана адамдардын мобилдүүлүгүн өркүндөтүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.

