Евразиялык экономика комиссиясынын статистика департаментинин маалыматтарына ылайык, Кыргызстан 2025-жылы Казакстанга $39,7 млн өлчөмүндө инвестиция кылган. Бул сумманын көбү IV кварталдагы инвестицияларга туура келет.
Бул маалыматтардын негизинде Казакстан ЕАЭБ мүчөлөрүн арасында Кыргыз Республикасынын инвестициясын алган жалгыз өлкө болуп калгандыгы белгиленет. Ошондой эле, 2024-жылы салыштырмалуу караганда, Кыргызстандын Казакстанга болгон инвестициясы көбөйгөнү айтылат.













