Президент Садыр Жапаровдун башкаруусундагы республикалык кеңешмеде жергиликтүү бийлик органдарынын финансылык документтериндеги каталар тууралуу маалымат берилди. Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев айтканча, айрым айыл өкмөттөрү бюджеттик суммаларды туура эмес көрсөтүп коюшкан.
Миллиондор миллиард болуп өзгөргөн учурлар
Азамат Кадыралиевдин билдирүүсүнө караганда, Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл өкмөтүндө 114 млн сомдук бюджет бир токтомдо жаңылыштык менен 114 млрд сом деп жазылып калган. Ошол эле учурда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айыл өкмөтүндө бюджеттик каражаттардын 7 млн сомдук калдыгы расмий документтерде 7 млрд сомдон ашык деп көрсөтүлгөн.
Документтерди мөөнөтүнөн кечиктирүү
Мониторинг учурунда документтерди өз убагында аткаруунун жоктугу да байкалды. Айрым айыл өкмөттөрүндө белгиленген мөөнөттөрдү бузуп, миңдеген документтерди кечиктирип аткаруу фактылары катталган.
Мөөнөтү өтүп кеткен документтердин саны
Кадыралиев документтерди туура тариздөө, өз убагында аткаруу жана сактоо үчүн жоопкерчиликти иш кагаздарын жүргүзүүчүлөр гана эмес, биринчи кезекте жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери өзүнө алышы керектигин баса белгиледи.














