Баткен облусунда өткөн Жогорку Кенештин комитетинин чыгуучу жыйынында мектептердеги тамактануу маселеси талкууланды. Депутаттар окуучулардын рационундагы витаминдердин жетишсиздигине жана каржылоонун төмөндүгүнө көңүл бурушту.

СторисМектептердеги тамактануунун каржылоосу жогорулайтСлайддар: 6
  1. Мектептердеги тамактануунун каржылоосу жогорулайт
  2. 615 417 бала — тамактануучу окуучулардын саны
  3. 1,5 млрд сом — бөлүнгөн жалпы каражат
  4. «Биз мектептердин менюсун изилдедик — эки күн компот, үч күн кант кошулган чай берилет. Таттуу суусундуктардын көбөйүшү менен диабет менен ооруган балдардын саны өсүп жатат.» — Токтобубу Ашымбаева
  5. Азыркы абалы: Балдардын 47 пайызында темирдин жетишсиздиги бар; 20 пайызында анемия байкалат
  6. Жаңы меню. Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жаңыланган меню иштеп чыгылып, апробациядан өткөн.

Рациондун сапаты жана ден соолук маселеси

Жогорку Кенештин депутаты Токтобубу Ашымбаеванын айтымында, учурдагы тамактануунун сапаты жетишсиз болуп жатат. Баланын организмине керектүү темир, кальций жана цинк сыяктуу минералдар жетишпей жатат. Ал 2021-жылы ЮНИСЕФ тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө таянып, балдардын 47 пайызында темирдин жетишсиздиги, ал эми 20 пайызында анемия байкалганын белгиледи.

Биз мектептердин менюсун изилдедик — эки күн компот, үч күн кант кошулган чай берилет. Таттуу суусундуктардын көбөйүшү менен диабет менен ооруган балдардын саны өсүп жатат.
Токтобубу Ашымбаева

Каржылоонун жаңы деңгээли

Билим берүү министрлигинин биринчи орундусу Мухтарбек Баймурзаевдин маалыматы боюнча, 2027-жылдын 1-январынан тартып президенттин жарлыгы жана Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде тамак-аш үчүн бөлүнгөн каражат бир топ жогорулоодо. Бул өзгөрүү 615 миңден ашык баланын тамактануусун камсыз кылат.

Бир күндүк тамак-аш14 сом40 сом +186%

Негизги көрсөткүчтөр

615 417тамактануучу балдар
1,5 млрдбөлүнгөн жалпы каражат (сом)

Жаңыланган меню Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштеп чыгылып, апробациядан өткөн.