Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 31-июлда Ысык-Көл жергесиндеги Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин консультациялык жыйынында биргелешкен туристтик визаны киргизүү демилгесин сунуштады.

Ал бул демилгени колдоонун маанилүү экенин белгилеп, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылыгын билдирди.

Жапаров демилгенин ишке ашышы үчүн бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтерине тийиштүү макулдашууларды даярдоону тапшырды.

Ал ошондой эле Борбордук Азия менен Азербайжан туризм чөйрөсүндө чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин, бул аймактардын бай тарыхы, маданияты жана кооз табияты дүйнөлүк туристтердин кызыгуусун арттыраарын кошумчалады.