21-июль күнү Кыргызстандын Кабинети кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө өкмөт планынын биринчи жарым жылдык аткарылышы каралды жана президенттик администрациянын саясий, экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын баянаты угулду.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иш-аракеттер 80 чаранын негизинде бааланды. Өкмөт органдары тарабынан аткарылган тапшырмалардын оң жыйынтыктары менен катар көйгөйлүү маселелер да белгиленип, алардын себептери талкууланды жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Адылбек Касымалиев планды мамлекеттик өнүгүүнүн негизги стратегиялык документи деп атап, жыл аягында 670 чаранын аткарылышы боюнча баа берүү жана жоопкерчилик маселеси караларын билдирди.
Ошондой эле жыйында 2026-2030-жылдарга карата өнөр жай кластериндеги ишканалар үчүн экспорттук жана маркетингдик стратегиянын долбоору каралып, бекитилди. Анын максаты — фармацевтика, зергерчилик жана айыл чарба продукциясын экспорттоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.
Энергетикалык тармактын өнүгүү маселелери да талкууланып, жооптуу мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.



















