Талас районунда жайгашкан «Манас Ордо» комплекси өткөн айларда кеңири реконструкциядан өтүп жатат. Азыркы учурда курулуш иштеринин аяктоо деңгээли 85%ды түзүп, 400дөн ашык куруучулар күч салууда.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев долбоорго болгон көзөмөлдү күчөтүп, бардыгын белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди.

Долбоордун өзгөчөлүктөрү

  • Административдик борбор түзүлүүдө
  • 300 орундук конгресс-холл курулууда
  • Улуттук стилдеги коттедждер жана жайкы, кышкы ашканалар бар
  • Галерея жана маданий иш-чаралар үчүн 3500 орундуу борбор курулуп жатат
  • Музей имараты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилүүдө

Комплекстин жалпы аянты 225 гектарды түзүп, музейде кыргыз элинин маданияты, тарыхы заманбап архитектуралык дизайн менен көрсөтүлөт.

«Манас Ордо» реконструкциясын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аяктоо пландалууда.
Нурдан Орунтаев, Кыргыз Республикасынын Курулуш министри