Президент Садыр Жапаров мамлекеттик карыздын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди. 2020-жылга чейин Кыргызстандын тышкы карызы ВВПнын 120% деңгээлинде болгон болсо, азыркы учурда жалпы мамлекеттик карыз 39%га чейин төмөндөгөн.
Мамлекет башчысынын белгилешинче, карыздын көлөмү өлкөнүн валовый ички продукциясына салыштырмалуу бааланат жана бул көрсөткүчтүн ашып кетпешин камсыз кылуу маанилүү.
Жапаров өкмөттүн алдына карыздын көлөмү 50%дан ашып кетпеши максат кылынган тапшырманы койгон. Ал ошондой эле мындан ары алынган кредиттер конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гана колдонулуп жатканын белгиледи.
Ар бир карыз толук көзөмөлдө турат жана кредиттер менен каржыланган долбоорлор келечекте өзү карызды кайтарышына шарт түзүшү үчүн аракеттер көрүлүүдө.
Ошондой эле, дүйнөдө карыздын ВВПга карата 100%дан ашкан өлкөлөр бар, бирок Кыргызстан мындай көрсөткүчтү көздөй басуу ниетинде эмес.





