Кыргызстан 5 жыл ичинде Кытайдан жаңы мамлекеттик тышкы карыз алган жок. Бул тууралуу 13-августта президент Садыр Жапаров MediaHubга берген интервьюсында айтты.
2020-жылы Эксимбанктан 1,8 миллиард долларга жакын карызы бар болсо, 5 жыл ичинде болжол менен 500 миллион доллар карыз төлөндү. Учурда Кытайга карыздын калган суммасы болжол менен 1,3 миллиард долларды түзөт.
Жапаровдун айтымында, карыз толугу менен 2035-жылга чейин төлөнүп бүтөт деп пландалууда.
2020-жылы Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы болжол менен 5 миллиард долларды түзүп, анын 70% өлкөнүн ички дүң продукциясына (ВВП) барабар болгон.
Бул суммага 4 миллиард 217 миллион доллар тышкы карыз кирсе, ички карыз 708 миллион долларды түзгөн.
2026-жылы мамлекеттик карыз болжол менен 10 миллиард долларга жетсе да, анын ВВПга болгон катышы 37%га төмөндөгөн.
Бул карыздын абсолюттук көлөмү өсүп жаткан менен, анын экономикалык активдерге катышы азайганы белгилүү болду.
Жапаровдун айтуусу боюнча учурда тышкы карыз 5,2 миллиард доллар, ички карыз 4,8 миллиард долларга жетти. Айрыкча ички карыздын өсүшү байкалууда.









