Өлкөдө жыл сайын 100 жаңы ишкананы ишке киргизүү долбоору ишке ашырылууда. Бул багытта 2024-жылдан бери жаңы ишканалардын саны туруктуу өсүп, жумуш орундары түзүлүүдө.

СторисӨнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү жана жаңы ишканаларСлайддар: 5
  1. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү жана жаңы ишканалар
  2. 799,7 млрд сом — Өткөн беш жылдагы өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү
  3. 3,1 эсе — Кумтор кенинин көрсөткүчтөрүн эсепке албаганда өндүрүштүн өсүшү
  4. 2024-жылдагы көрсөткүчтөр: 102 жаңы ишкана ачылды; 8 315 жумуш орду түзүлдү; 796,8 млн доллар инвестиция кирди
  5. «Жаңы ишканаларды ачуу аркылуу өндүрүш көлөмүн кеңейтүү пландалууда» — Искендер Асылкулов

Ишканаларды ишке киргизүү жана инвестициялар

Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Искендер Асылкуловун айткандыгыча, жаңы ишканаларды ачуу аркылуу өндүрүш көлөмүн кеңейтүү пландалууда. Акыркы эки жылдагы көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:

Ишканалардын динамикасы

1022024-жылы ачылган ишкана
83152024-жылы түзүлгөн жумуш орду
796,8 млн2024-жылдагы инвестиция ($)
1192025-жылы ачылган ишкана
84712025-жылы түзүлгөн жумуш орду
715,7 млн2025-жылдагы инвестиция ($)

2026-жылы 113 долбоорду ишке ашыруу жана 2,04 млрд доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу пландалууда. Учурда бул пландын алкагында 71 ишкана ачылып, 4 540 жумуш орду түзүлгөн.

Өндүрүштүн өсүш көрсөткүчтөрү

Өткөн беш жыл ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 2,5 эсе өсүп, 799,7 млрд сомду түздү. Эгерде Кумтор кенинин көрсөткүчтөрүн эсепке албасак, өндүрүш 3,1 эсе өскөн.

Өндүрүш көлөмү325,1 млрд сом799,7 млрд сом +146%

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өнөр жайдын ИДПдагы үлүшү 20,5% түзүлдү. Өндүрүш көлөмү 2025-жылдын ушул эле мезгилине караганда 116,4%га өскөн.