2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын жалпы ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 11,9%га өсүп, 960 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, эки жыл мурун өлкөнүн экономикасынын көлөмү жыл жыйынтыгы менен биринчи жолу 1 триллион сомдон ашкан болсо, азыр биринчи жарым жылдыкта эле бул көрсөткүч дээрлик ошол деңгээлге жетти. «Биздин экономиканын көлөмү биринчи жарым жылдыкта 960 миллиард сомду түздү. Кыргызстандын экономикасы жылдык эсепте 2 триллион сомго жакындап баратат», — деди ал.
Өнөр жай жана инвестициялар
Амангелдиев эң жогорку өсүштү өнөр жай өндүрүшү көрсөтүп, ал 12,7%га жогорулаганын белгиледи. Мындан тышкары, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204,5 миллиард сомго жетип, алардын өсүү темпи 168%ды түздү.
Ички жана тышкы инвестициялык активдүүлүк өсүп жатат. Чет элдик инвестициялардын келиши эки эседен ашык көбөйдү. Ошол эле учурда, ИДПнын өсүү темпи ырааттуу түрдө жогорулап, 2024-жылы 9%га жакын, 2025-жылы 11,1% жана 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 11,9%ды түздү.
Экономикалык түзүм
Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасынын түзүмү бүгүнкү күндө кызмат көрсөтүү чөйрөсүнөн 50%, товар өндүрүүдөн 34% жана продукцияга болгон таза салыктардан 16% турат.
Өнөр жайдын өсүшүнө негизги салымды тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш, ошондой эле тамак-аш жана фармацевтика тармактары кошту.





