Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 22-июлда өткөн уюштуруу комитетинин отурумунда белгилегендей, Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгы мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленет.
Бул юбилейдин алкагында жалпы 25 мамлекеттик жана 7 эл аралык иш-чара өткөрүлүүдө. Мындай иш-чаралар маданият, илим, билим берүү, дипломатия, маалымат жана инфраструктура тармактарына тиешелүү.
Министрдин айтымында, 2028-жыл Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринде Чынгыз Айтматов жылы деп жарыялоо демилгеси коюлду. Ошондой эле ЮНЕСКО жана Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен эл аралык маданий иш-чараларды уюштуруу каралууда.


