Жааган жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 6-8-ноябрь аралыгында Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү божомолдонууда. Мындан тышкары, жолдордо кар күрмөлөрү, тайгак жана муз катмары болушу мүмкүн.

Каракол — Энильчек автожолу үчүн өзгөчө этияттык чаралары

Эскертүү, атап айтканда, Чоң-Ашуу ашуусу жайгашкан Каракол — Энильчек автожолунун 74-90-километр аралыгына тиешелүү. Ушундай шарттарда тиешелүү ведомстволор айдоочуларды коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө чакырат.

6коркунучтун башталыш күнү
8коркунучтун бүтүү күнү

Сапарга даярдык

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн тоолуу автотрассаларындагы аба ырайынын бир кыйла начарлашы тууралуу жарандарга шашылыш эскертүү менен кайрылды. Кооптуу участоктор боюнча кыймыл үчүн өзгөчө көзөмөл зарыл жана чектөөлөр болушу мүмкүн.