2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы суммасы 6,3 миллиард доллар болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,0% көбөйдү.
Товар жүгүртүүнүн структурасында экспорттун үлүшү 13,5%, импорттун үлүшү 86,5% түздү. Министрликтин маалыматы боюнча, импорт 2,8%га өссө, экспорт 9,3%га кыскарды.
Экспорттун төмөндөшүнүн негизги себеби — алтындын жеткирүү көлөмүнүн азайышы болуп, ошондой эле Орусиядагы суроо-талаптын төмөндөшү жана кээ бир сырьё жана айыл чарба товарларынын экспорттук чектөөлөрү таасир этти.
Импорттук товарлардын көлөмү 5,4 миллиард долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8% өстү.
2026-жылдын январь-май айларында Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчө-мамлекеттери менен Кыргызстандын өз ара соода көлөмү 2,4 миллиард долларга жетип, быйылкы мезгилде өткөн жылга салыштырмалуу 6,0%га өстү.
Белгилүү болгондой, бул аралыкта экспорт 3,2%га азайып, импорт 8,3%га көбөйгөн. ЭАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын негизги бөлүгү Россияга туура келет — жалпы сооданын 67,8%.




