Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, сооданын өсүшүнө өлкөдөн сыртка чыгаруу жана чет өлкөлөрдөн товар алып келүү көрсөткүчтөрүнүн жогорулашы себеп болду.

Соода динамикасы

19,3%экспорттун өсүшү
16%импорттун өсүшү
14,1жалпы соода (млрд $)

ЕАЭСТдеги сооданын өзгөчөлүктөрү

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 5,2 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,3%га көбөйгөн. Бирок бир жагынан, ЕАЭСТке карата экспорт 8,2%га азайса, импорт 16,5%га жогорулаган.

Бул бирлик менен болгон сооданын негизги бөлүгү эки мамлекетке туура келет. Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов белгилегендей, Россия жана Казахстан сооданын 96,7%ын камсыз кылган.

ЕАЭСТ менен сооданын бөлүштүрүлүшү

Улуттук статистика комитети

ЕАЭСТ менен сооданын бөлүштүрүлүшү
Россия61,5 %
Казакстан35,2 %

Үчүнчү өлкөлөр менен соода

Жалпы сооданын 63,3%ы башка өлкөлөр менен жүргүзүлгөн. Үчүнчү тараптар менен сооданын көлөмү 8,9 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20%га өскөн.

Сооданын жалпы түзүмүндө импортдун үлүшү 81%, ал эми экспортдун үлүшү 19%ду түзөт.