Кыргызстандын тышкы соода жүгүрүшү 2021-жылдан 2025-жылга чейинки 5 жылда 89,9%га өсүп, 8,3 млрд доллардан 15,8 млрд долларга жеткен.
2022-жылы тышкы сооданын көлөмү 12 млрд 58 млн долларга жетсе, 2023-жылы ал 15,9 млрд долларды түзгөн.
Максималдуу көрсөткүч 2024-жылы катталды — 17,6 млрд доллар. Ал эми 2025-жылы тышкы сооданын көлөмү 1,8 млрд долларга же 10,2%га кыскарды.
Тышкы соода жүгүрүшү (2021-2025)
2025-жылдагы көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөнү экономиканын тышкы соодадагы активдүүлүгүнүн өскөнүн көрсөтөт.










