Кыргызстандын 17 жашка чейинки жаштар курамасы (U-17) Сербияда окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында биринчи жолдоштук беттешин өткөрдү. Бул оюндар команданы Азия Кубогунун тандоо оюндарына даярдоо максатында уюштурулган.
Игорь Кудренконун машыктыруучу командасы 25-июлда Черногориянын жаштар курамасына каршы ойноду. Беттештин биринчи таймынын аягында Кыргызстан курамасынын чабуулчусу Алихан Арынов эсепти ачып, командасын 1:0 эсебинде алдыга чыгарды.
Бирок оюндун негизги убактысына кошулган мүнөттөрдө Черногориялык футболчулар жооп кайтарып, эсепти теңештире алышты. Натыйжада, беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Кыргызстандык жаш футболчулар алдыда дагы эки жолдоштук беттеш өткөрүшөт. 28-июлда Бириккен Араб Эмираттарына, ал эми 1-августта Сербиянын курама командасына каршы оюн өткөрүү пландаштырылууда.


