Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Атаандаштыкты жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын жаратылыш монополияларын жана үстөмдүк кылуучу структуралардын рынокторун жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикова радио эфиринде АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин жетишсиздиги Орусия компаниялары тарабынан жеткирүүлөрдүн чектелишине байланыштуу экенин билдирди.
Шустикова ошондой эле айрым май куюучу жайлардын убактылуу жабылышы ар дайым эле күйүүчү майдын жетишсиздигине байланыштуу боло бербейт деп кошумчалады. "Эгерде сиз айрым май куюучу жайлардын жабылып жатканын көрсөңүз, бул жолдорду оңдоо, аларды кеңейтүү менен да байланыштуу болушу мүмкүн. Башкача айтканда, жабылуу мындай факторлор менен да байланыштуу болушу мүмкүн", - деп билдирди Шустикова.




