Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын ички иштер министри Мустафа Чифтчи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап укук коргоо ишмердүүлүгү жана коопсуздук тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин карашты.

Министрлер жакынкы келечекте эки мамлекеттин ички иштер органдарынын ортосундагы байланышты күчөтүү жана тажрыйба алмашууну жандандыруу боюнча макулдашышты.