Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Чолпон-Атада өткөн жолугушууда Жээнбек Кулубаев менен Мухаммад Исхак Дар эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, банк-финансылык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, ошондой эле регионалдык долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланды.

















