Юстиция министри Аяз Баетов Кыргызстанга келген Кытай жарандарынын миграция маселеси мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин билдирди.
Анын айтымында, Кытайдын жарандары өлкөгө виза аркылуу киришет. Визанын мөөнөтү аяктагандан кийин алар Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишет.
Министр бул процесстердин баары мамлекеттик деңгээлде катуу көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.




