26-июлда Өзбекстан Республикасынын чыгармачыл делегациясы Кыргызстанга келди. Алар 27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган Өзбекстандын Маданият күндөрүнө катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ысык-Көл эл аралык аэропортунда (Тамчы) конокторду Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.
Өзбек делегациясын Өзбекстандын маданият министри, эл артисти Озодбек Назарбеков жетектеп келди.




















































