Кыргызстанга ун импортусунун ири бөлүгүн Казакстан камсыздайт. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жыл башынан августго чейин республикага жалпысынан 103 миң 258,6 тонна ун келип жеткирилген. Бул товар 37,9 миллион доллар менен сатып алынган.
Кыргызстанга ун импортусу боюнча Казакстандын монополиясы сакталууда
Ун импортусу боюнча Кыргызстанга товар жеткирүүдө Казакстан негизги ролду ойнойт. Статистикалык маалыматтарга караганда, жыл башынан августго чейин импорттун көлөмү 103 миң тоннадан ашык болгон.









