Кызыл-Жар психиатриялык больницасында Институт омбудсменинин комиссиясы жүргүзгөн текшерүү олуттуу кемчиликтерди аныктады. Бейтаптар дарылоодон соң көп жылдар бою оорукананы таштап кете албай жатканы маалым болду.
Аталган ооруканада 57 бейтап дарылоо бүткөнү менен чыгууга мүмкүнчүлүк албайт. Аларга жашоого ыңгайлуу шарттарды камсыздоочу жай берилбейт. Айрымдар беш жылдан ашуун убакыт бою стационарда жашайт.
Андан тышкары оор кылмыш үчүн соттолгон адамдар башка бейтаптардын жанында кармалып, оорукананын ичинде туруктуу коопсуздук кызматкерлери жок. Медициналык кызматкерлерди коргоого жооптуу адам табылбай, шарты татаал бойдон калууда.





