Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарынын жеке ишкерлерин кабыл алып, ал жактагы имараттын жакынкы аралыкта реконструкцияланышы тууралуу маселени талкуулады.
Жолугушууга Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Азамат Токтоналиев, Свердлов райондук прокуратурасынын өкүлү, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматы, ошондой эле шаардык градостроительство жана архитектура башкармалыгы жана архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгынын адистери катышты.
Жолугушууда 1-августтан баштап баштала турган реконструкциянын планы жана иш-чаралардын жүрүшү талкууланды.















