Лейлек шаарында Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы чек ара отрядынын подполковнигин кармады. Ал Лейлек чек ара отрядынын штаб башчысынын орун басары болуп кызмат кылат.

Подполковникке карата контрабандалык товарларды башка өлкөлөргө мыйзамсыз ташуу, кызмат абалынан кыянаттык кылуу, ошондой эле атуучу курал-жаракты мыйзамсыз сактоо сыяктуу күчтүү шек саноолор коюлду.

Азыркы учурда кармалган офицер убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган жана иш боюнча тергөө жүрүүдө.