Түшүм көп болгон мезгилде айыл чарба продукциясынын баасы төмөндөйт. Сактоочу жайлардын жетишсиздигинен улам фермерлер өз товарларын төмөн баага сатууга же таптакыр сатпоого мажбур болушат. Бул көйгөйдү чечүүдө соода-логистикалык борборлор маанилүү ролду ойнойт.

Борборлордун кызматтары жана жайгашкан жерлери

Өңүрктөрдү Иштетүү жана органикалык айыл чарбасы департаментинин директорунун орун басары Жыпаркуль Нурдинованын маалыматы боюнча, учурда өлкөнүн региондорунда 50 соода-логистикалык борбор иштеп жатат. Бул борборлор продукцияны кабыл алуу, муздатуу, сактоо, сорттоо, таңгактоо жана сатууга даярдоо кызматтарын көрсөтөт.

Логистикалык борборлордун жайгашуусу

10Чүй облусу жана Бишкек
12Ош облусу
11Жалал-Абад облусу
7Баткен облусу
5Ысык-Көл облусу
3Нарын облусу
2Талас облусу

Борборлордо заманбап муздаткычтар жана жабдыктар бар. Продукциялар маусумдук мүнөзгө жараша кабыл алынат. Алгач кулпунай, малина, өрүк жана вишня сыяктуу мөмө-жемиштер, андан кийин алма, картошка жана башка жашылча-жемиштер келет.

Контекст

Кыргызстандын региондорундагы логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү фермерлердин продукциясын сапаттуу сактоого жана эл аралык рынокко чыгарууга багытталган.