Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракесинде төрагалык кылууда. Бул биздин өлкө үчүн чоң сыймык жана жогорку жоопкерчилик гана эмес, ШКУнун негизги принциптерин жана баалуулуктарын өнүктүрүүгө жаңы дем берүүчү тарыхый мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Бул тууралуу КНИА «Кабардын» директору Медербек Шерметалиев Бишкекте өткөн ШКУ-2026 ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунун ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди.
Медербек Шерметалиев форум Кыргызстандын төрагалыгынын алкагындагы маанилүү иш-чаралардын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, Бишкекте чогулган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жана өнөктөштөрдүн 26 өлкөсүнөн келген 250гө жакын өкүлдүн катышуусу маалыматтык, аналитикалык жана гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө жалпы умтулуунун айкын далили болуп саналат.
КНИА «Кабардын» директору дүйнө болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта өзгөрүп жатканын белгилеп өттү. Санариптик технологиялардын өнүгүшү маалымат алмашууну бир топ жеңилдеткени менен, ошол эле учурда дезинформацияны жайылтуу, маалыматтык манипуляциялар, киберкоопсуздукка коркунучтар жана коомдук пикирге тышкы таасир этүү сыяктуу жаңы чакырыктарды күчөттү.









