Салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлерди расмий тартипке келтирүү баалардын өсүшүнө негизги себеп эмес. Алмамбет Шыкмаматов журналисттердин суроолоруна жооп берип, салыктык контролдун инфляцияга тийгизген таасири өтө аз экенин белгиледи.

Баалардын өсүшүнүн себептери

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын айтымында, салыктык контролду күчөтүү ишкерлердин чыгымдарына таасир эткен болушу мүмкүн, бирок бул баалардын кескин өсүшүнө алып келген негизги фактор эмес. Ал салык төлөбөстөн, көлөкөдө иштеген ишкерлердин эми санариптик көзөмөл жана мыйзам талаптарын сактоого мажбур болгонун белгиледи.

Бир аз гана таасир бар, бирок инфляциянын бардык көлөмүн эмес. Салыктык башкарууну катаалдаштыруу, көзөмөл жана көлөкөдөн чыгаруу процесстери канчалык таасир этсе, менимче, ал эң минималдуу деңгээлде.
Алмамбет Шыкмаматов

Шыкмаматов инфляциянын негизги себептерин башка макроэкономикалык факторлордон, анын ичинде банк секторунан жана башка экономикалык процесстерден издөө керектигин айтты.

Инфляциялык прогноздор

Буга чейин Министрлер Кабинети Кыргызстандагы жылдык инфляция прогнозун 9 пайыздан 14–15 пайызга чейин көтөргөн. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев сырткы экономикалык шоктор, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарынын баасынын кескин өсүшү мындай өзгөрүүгө себеп болгонун түшүндүрүп келген.