"Манас" эл аралык аэропортунда транспорт инфраструктурасын масштабдуу модернизациялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу "Кыргызстандын аэропорттору" ААКсы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, реконструкциялоо иштеринин алкагында аэровокзал комплексинин имаратына жетүүнү камсыз кылган жаңы подъезд жолунун бир бөлүгү ишке киргизилди. Ошондой эле жүргүнчүлөр, таксилер, автобустар жана кызматтык унаалар үчүн жаңы парковка зоналары ачылды.

Жаңы подъезд жолу курулуп жаткан көп кабаттуу паркингдин боюнда өтөт жана жаңы унаа токтотуучу жайларга ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

  • жаңы ачык унаа токтотуучу жайлар;
  • кызматтык транспорт үчүн өзүнчө аянтча;
  • таксилер жана автобустар үчүн атайын парковка зоналары.

Долбоордун кийинки этабында заманбап беш кабаттуу жабык паркинг ишке киргизилет, анда учурда курулуш жана инженердик иштер аяктап жатат.

Ошол эле учурда, паркингди аэровокзал комплекси менен байланыштыра турган жабык жер үстүндөгү өтмөктүн курулушу да улантылууда. Иштер аяктагандан кийин жүргүнчүлөр паркинг имаратынан түз эле терминалга аба ырайына карабай өтө алышат.