Аэропорттун курулуш иштери учурунда анын ишмердүүлүгү токтотулган эмес жана рейс саны азайтылган эмес. Жаңылоо иштери бардык учурда улантып туруп, пассажирлар үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды түзүүгө туура келген.


Кандай өзгөрүүлөр жасалды?
Манасбек Самидиновдун айтымында, акыркы жылдарда аэропорттун көрүнүшү жана мүмкүнчүлүктөрү толугу менен өзгөрдү. Азыркы учурда коопсуздук системасы жана жүргүнчүлөрдү кабылдап, учакка отургузуу технологиялары да өзгөрүүдө.
- Взлет-түшүү жолун жаңылоо жана кеңейтүү;
- Жаңы аэровокзал комплексин куруу;
- Расмий делегацияларды күтүү залын оңдоо;
- Башка имараттарды капиталдык ремонттоо;
- Унаалар үчүн паркингди ачуу.
Жаңыланган аэропортту Жаңы жылга чейин толук ишке киргизүү пландалууда.









